Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Каракол-Эңилчек унаа жолу толук ачыла элек


Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан Каракол-Эңилчек унаа жолу толук ачыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 20-ноябрда калың жааган кардын айынан жолдун 38-92-чакырымдары убактылуу жабылган.

Жолдо калган техника жана жабыркаган адамдар жок.

Кечээ 38-84-чакырымдар тазаланып ачылган, бирок бороон-чапкындан айрым жерлер кайра бүтөлгөн. Кардын калыңдыгы 1 метр 80 см жакын.

Тазалоо иштери бүгүн да уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG