Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Атамбаев: Прокурорлордун ыйгарым укуктары кеңейтилүүдө


Президент Алмазбе Атамбаев
Президент Алмазбе Атамбаев

Кыргызстанда мамлекет прокуратура органдарынын ролун күчөтүп, ыйгарым укуктарын кеңейтүүдө. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин прокурорлордун кесиптик майрамына карата бүгүн жолдогон куттуктоосунда айтылат.

"Мамлекет аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, тартип коргоо органдарынын мыйзамды так аткаруусуна көзөмөл жүргүзүүдөгү прокуратуранын ролун күчөтүүгө жана ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө барууда. Мындай шартта прокуратура иш жүзүндө бүтүндөй укук коргоо системасынын ырааттуу ишин жана тазалыгын камсыз кылган эч кынтыксыз, таза орган болууга тийиш" деп белгиледи президент.

Кыргызстанда алгачкы прокуратура органы 1924-жылдын 22-ноябрында түзүлүп, иштей баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG