Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Жапониянын чыгыш жээгинде күчү 7 баллдан ашкан зилзаладан кийин цунами болду. Силкинүүнүн эпкини Токио шаарында да сезилди. Бийлик дароо цунами коркунучу тууралуу эскертүү жасап, жергиликтүү тургундарды кооптуу райондордон чыгып кетүүгө же имараттардын чатырларына көтөрүлүүгө үндөдү. Жабыр тарткандар же олуттуу кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Суу деңгээлинин туруксуздугунан улам Фукушима атомдук станциясында иштетилген отун сакталган резервуарда автоматтуу система өчүрүлдү. Жапон өкмөтү масштабдуу кырсык кайталанат деген коркунуч болбогонун ырастайт.

2011-жылы 9 баллдык зилзаладан кийин 15 метрлик цунами станцияны каптаган. Бул - Чернобыль атомдук станциясынан кийинки эң ири радиациялык авария болгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG