Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Казакстандын айрым облустарында жолдор жабылды


Казакстан.
Казакстан.

Казакстандын бир нече облусунда аба ырайынын кескин начарлашынан улам жолдор жабылды. Айрым жерлерде калың түшкөн кардын жана тумандын айынан транспорттун жүрүшү чектелди. Чыгыш Казакстан облусунда сууктун күчү 40 градуска чейин жетүүдө.

Дүйшөмбү күнү Астанада жана бир катар райондордо мектептерде сабактар токтоду.

Алматыда коммуналдык кызматтар жолдорду кар күрткүдөн тазалоого үлгүрбөй, бул ишке жоокерлер да тартылды.

Гидромет кызматынын маалыматы боюнча аяздуу аба ырайы Казакстандын бүтүндөй аймагында өкүм сүрүүдө. Абанын температурасы ушу күндөрү орточо температурадан 13-20 градус төмөн болууда.

XS
SM
MD
LG