Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Харьковдо окуучуну сатууга аракеттенген мугалим кармалды


Ички иштер министри Арсен Аваков.

Ички иштер министри Арсен Аваков.

Украинанын бийликтери 13 жаштагы кызды 10 миң долларга сатууга аракеттенген мугалим кармалганын билдирди. Ички иштер министри Арсен Аваков бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, өспүрүмдүн жана 52 жаштагы мугалимдин сүрөттөрүн да койду. Ал кыз Харьков облусундагы жетимдер жана үйлөрү талкаланган балдардын интернатында жашачу. Мугалим украин жана орус тилдерин окутчу. Аваковдун айтымында, кардар кыз органдарга керек болгонун кыйыткан жана анын сүрөтү менен медициналык справкалары үчүн 1 миң гривна (39 доллар) берген. Министр мугалим менен сатып алуучу соодалашып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн жазды.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG