Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Трамп Клинтонду кылмыш жообуна тарттырбайт


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен президенттикке экс-талапкер Хиллари Клинтон.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен президенттикке экс-талапкер Хиллари Клинтон.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп инаугурациядан кийин Хиллари Клинтонду кылмыш жоопкерчилигине тарттыруу ниетинен баш тартты. Бул тууралуу Трамптын шайлоо командасынан билдиришти. Кеп Клинтон АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турганда колдонгон жеке почта сервери жана анын үй-бүлөлүк фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө болуп жатат. Washinton Post гезити жазгандай, Дональд Трамптын кылмыш ишин ачуу же токтотуу боюнча чечимдери бийликтин саясий жана укуктук протоколдорунун өзгөрүшүн түшүндүрүшү мүмкүн. Ушул учурга чейин Кошмо Штаттарда кылмыш ишин ачуу, токтотуу, документтерди текшерүү жана айып тагуу менен башкы прокурор же Федералдык иликтөө бюросу алектенип келген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG