Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

АКШ теракт коркунучу тууралуу эскертти


Өткөн аптада француз полициясы террордук кол салууларга даярдык көрүп жаткан деген шек менен жети кишини камакка алган эле.

Өткөн аптада француз полициясы террордук кол салууларга даярдык көрүп жаткан деген шек менен жети кишини камакка алган эле.

АКШ бийлиги Рождество жана жаңы жылдык майрамдар маалында Европада теракт коркунучу бар экенин эскертти. АКШнын Мамлекеттик департаменти «Ислам мамлекети» жана «Аль-Каида» экстремисттик топтору Европада теракт жасоого даярданып жаткандыгы тууралуу айтылган ишенимдүү маалыматка таянууда. Америкалык жарандар үчүн туристтик жайларга, адамдар көп чогулган жерлерге барганда жана коомдук транспортто этият болуу сунушталды. Документте акыркы жылдары радикал экстремисттер Бельгия, Германия жана Түркия өлкөлөрүнө чабуул жасаганы эске салынган. Өткөн аптада француз полициясы террордук кол салууларга даярдык көрүп жаткан деген шек менен жети кишини камакка алган эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG