Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Бишкекте таң эрте көчө тазалоого чыккан жумушчуларга ысык чай берилди. Мындай демилге менен чыккан Балдар хосписинин ыктыярчылары саат 6да термоско чай, кофе куюп барып, таттууларды таратышты.

Уюмдун негиздөөчүсү Дина Аляева суукта кар күрөп жүргөн жумушчуларга ушинтип бир аз да болсо көңүл бурууну туура көрүшкөнүн айтууда.

"Тазалык" муниципалдык кызматынын 500дөн ашуун кызматкери күн чыга электе көчөлөрдү тазалоого чыгат. Соңку бир аптадан бери Кыргызстанда аба ырайы суук болууда. Өткөн түнү Бишкекте абанын температурасы -15ке чейин төмөндөдү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG