Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Үркүн темасында жазылган чыгармалар изилденди


Филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиеванын “1916-жыл кыргыз прозасында” аттуу китеби жарык көрдү. Автордун айтымында, бул илимий эмгек Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын китепканаларына акысыз таркатылат.

Китепте 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн кыргыз прозасында көркөм чагылдырылышы иликтенген. Автор аталган окуяга кайрылган чыгармалардагы көркөм чындыктын тарыхтагы маалыматтарга айкалышы, ал чыгармалардын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү жана образдардын турмуштук негиздүүлүгү өӊдүү маселелерди талкууга алган.

Улуттук адабиятыбыздын тарыхында мурда белгилүү деӊгээлде чектөөлөрдүн карамагында иликтенип келген барактары талданып, эгемендик мезгилине чейинки идеялар менен көз караштар кайрадан каралган.

Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары казак, түркмөн, өзбек элдеринин адабиятындагы 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу чыгармалар менен салыштырылып талданган.

Китептин бет ачары бүгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өтөт.

Гүлзада Станалиева 1916-жыл окуясынын кыргыз адабиятында чагылдырылышын изилдеп жүргөн окумуштуу катары таанымал. Буга чейин автордун бул темада “Тарых жана тагдыр”, “Тарыхый чындыкты чагылдырган роман” жана “Тарыхый чындыкты көркөм аңдоо” деген эмгектери жарык көргөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG