24-ноябрда кээ бир райондордо бир аз кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт. Автожолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;
Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы -11…-13°, күндүз -3…-5° суук.