Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Парламенттин беш комитетинде жетекчи алмашты


Бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында айрым комитеттердин төрагаларын шайлоо болду.

Бюллетен аркылуу жашыруун добуш берүү жүрдү. Натыйжада Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана салматтык сактоо комитетине КСДП фракциясынан Гүлкан Молдобекова, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетине «Кыргызстандан» Айтмамат Назаров, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине "Бир Болдон" Аскарбек Шадиев, Бюджет жана финансы комитетине «Республика – Ата Журттан» Таабалды Тиллаев, ал эми Укук тартиби, кылмыштуулука жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетине жетекчи болуп “Республика – Ата Журт” фракциясынан Мирлан Жеенчороев шайланды.

Азыркы, алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш былтыр шайланган. Ошондо түзүлгөн башкаруучу коалиция быйыл 24-октябрда ыдыраганына байланыштуу ага кирген айрым фракциялардын өкүлдөрү комитет жетекчилигинен кеткен. Азыркы коалицияга КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" мүчө.

Жогорку Кеңеште тогуз тармактык комитет бар. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG