Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:39

Киши колдуу болгон 26 жаштагы маркумду жүздөгөн мигранттар менен качкындар чогулган Белграддагы парктын жанында өлтүрүп кетишкен.

Сербиянын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, оогандык мигрант 21-ноябрда башка келгиндер менен мушташта бычак жеп каза болгон. Полициянын айтымында, бул кылмышка байланыштуу беш киши кармалды.

Улуттар уюмунун Качкындар агенттиги Белградда болжол менен миңдей мигрант оор шартта жашарын билдирүүдө. Өткөн жылы Хорватия менен Венгрия чек араларын жаап салгандан кийин Батыш Европага өтүүнү көздөгөн 6 миңдей киши Сербиядан чыга албай, ошол жакта баш калкалап жатышат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG