Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:57

Кыргызстанда мамлекеттик сырдын корголушун жакшыртуу каралууда. Буга багытталган мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште талкууланып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ал аркылуу “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жана “Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилет.

Демилгенин максаты - жайылтууга уруксат берилбеген маалыматты белгилөө жагынан буга чейин болуп келген мүчүлүштүктөрдү жоюу.

Тагыраак айтканда, жайылтып жиберүүдөн улам өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыгына өтө оор залал келтирүүчү маалыматтар мамлекеттик маалыматтарга кирип, аларга "өзгөчө маанилүү", "өтө жашыруун" деген белгилер коюлат.

Ал эми аскердик сырды түзгөн маалыматтарга "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашыруун" деген чектөө белгилери коюлат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG