Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

Кыргызстан менен Иран соттолгондор боюнча кызматташат


Кыргызстан менен Ирандын ортосунда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө мыйзам ратификацияланды. Бул мыйзамга 2015-жылдын 5-сентябрында Тегеран шаарында кол коюлган.

Максат - эки өлкө ортосунда соттолгон адамдарды андан ары жазык мөөнөтүн өтөө үчүн өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү укуктук базаны түзүү.

Тышкы иштер министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, Иранда соттолгон же камакта жаткан кыргыз жарандары жок. (RK)

XS
SM
MD
LG