Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 16:34

Германияда "Люфтганза" авиакомпаниясынын учкучтары иш таштап, жүздөгөн каттамдар аткарылбай калды.

Эки күндүк акция кесиптик кошуундун лидерлери менен компания жетекчлигинин кезектеги сүйлөшүүсү майнапсыз жыйынтыкталгандан кийин башталды.

Учкучтар үч жылдан бери маяналары көтөрүлбөй жатканына нааразы. Шаршембиге пландалган үч миң рейстин 876сы аткарылган жок. Жүз миңдеген жүргүнчү уча албай калды.

Бул – акыркы эки жылдагы учкучтардын 14-иш таштоосу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG