Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

«Суукту бирге жеңебиз!» акциясы жүрүүдө


Кыргызстанда «Суукту бирге жеңебиз!» акциясы жүрүп жатат. Анын максаты - эгер машинасында бош орун болсо коомдук унааны күтүп аялдамада, жолдо тургандарды бекер ала кетип жеткирип коюу.

Иш-чараны уюштуруп жаткан KeyDriver компаниясынын өкүлү Дастан Сүйүнтбековдун айтуусунда, акцияга кошулууну каалаган айдоочулар чөнтөк телефонуна атайын мобилдик тиркемени жүктөп алса болот. Ал аркылуу кайсы жерде унаа күтүп тургандар көрүнөт:

- Суук түшкөнү автотранспорт маселеси бар экени көрүнүп калды. Бул чоң проблема экен. Адамдар 30-40 мүнөт күтүп турат. Бардык айдоочулар тиркемени жүктөп алса болот.

Сүйүнтбековдун белгилешинче, эки күндөн бери бул акция боюнча 100дөй адам суукта көчөдө турбай, үйүнө эрте жетип алды. Алардын айрымдары бекер жетсе, кээ бирлери 30-40 же 50 сом төлөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG