Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Шиит кошуундары Ирактын Мосул шаарын курчоого алды


Мосул, Ирак
Мосул, Ирак

Иран колдогон шиит кошуундары Ирактын Мосул шаарын курчоого алышканын билдиришти. Муну менен “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлери Ирактын калган бөлүктөрү жана Сириядан толугу менен ажырады.

Шииттер 23-ноябрда алга жылып, күрттөрдүн пешмерга аскерлеринин позицияларына кошулду. Пешмерга, Ирактын өкмөттүк армиясы жана сунни урууларынын аскерлери Мосулдун түндүк жана түштүк тараптарын көзөмөлгө алышкан, бирок чыгыш райондордо алга жылуу жай жүрүүдө.

Ал ортодо Ирак куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү АКШ баштаган коалициянын аба соккусунан бүгүн эртең менен калаанын ичиндеги Тигр дарыясындагы төрт көпүрө керектен чыгарылды деп билдиришти. Эми экстремисттер Мосулдун эки бөлүгүн байланыштырган бир эле көпүрөнү пайдалана алат.

XS
SM
MD
LG