Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун 32 жаштагы уулу Сердар парламенттин депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жекшембиде Межлистин мурдагы депутаттарынын ордуна үч шайлоо участогунда добуш берүү жүргөн. Алардын биринде Сердар Бердимухаммедов шайланып, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында ага күбөлүк тапшырылды.

61 жаштагы президенттин бир уулу жана үч кызы бар. Бердимухаммедов 2007-жылдан бери Түркмөнстандын президенти. Былтыр июлда уулу Тышкы иштер министрлигинде кызматка дайындалып, ошол эле жылы доктордук диссертациясын коргогон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG