Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Германиянын медицина тармагындагы адистери түндүк Европада куш тумоосунун H5N8 түрү тездик менен тарап жатканын эскертишти.

Вирус болжол менен жапайы канаттуулардан жугуп жатат. Эскертүү жаныбарлардын саламаттыгына байкоо салган Фридрих Лөфлер институту тарабынан жасалды. Анын жетекчиси Томас Меттенляйтердин айтымында, эми тумоо жапайы канаттуулардан дыйкан чарбаларында багылган тоок-өрдөктөргө жайылууда. Вирус Германияда 8-ноябрда катталып, учурда 10 аймакка жайылган.

Куш тумоосу Дания жана Швецияда да катталган. H5N8 вирусу адам үчүн кооптуу эмес болуп эсептелет. Биринчи жолу ал Орусия менен Монголиянын чек ара чөлкөмүндө аныкталган. Ошондон бери Иран жана Израилде да катталган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG