Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

БУУ өкүлү Алепподогу кырдаалга тынчсызданды


БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура.
БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура.

Сириянын өкмөттүк армиясы Дональд Трамп АКШ президенти кызматына расмий киришкенге чейин Алеппонун чыгыш бөлүгүндөгү көтөрүлүшчүлөргө жаңы чабуулдарды башташы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдирди. Анын айтуусунда, Дамаскинин мындай кадамына Трамптын Сирия өкмөтүн колдоп жаткан Москва менен мамилелерди жакшыртууга даяр экендиги тууралуу билдирүүлөрү түрткү бериши ыктымал.

Буга чейин де Мистура эгер аба соккулары улана берсе декабрдын соңунда Алеппонун чыгыш бөлүгү толугу менен жок болорун жарыялаган. Ал шаарды бомбалоону токтотууга жана Сириянын келечеги тууралуу саясий талкууларды баштоого чакырып келет. Алеппо азыр экиге бөлүнүп турат. Бир тарабын өкмөттүк күчтөр, экинчи жагын оппозиция отряддары ээлеп турат. Сирия армиясы орусиялык авиациянын жардамы менен көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн райондорго абадан сокку урууда. Кошмо штаттардын жаңы шайланган президентинин кызматка кирүү жөрөлгөсү 2017-жылдын 20-январында өтөт.

XS
SM
MD
LG