Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Баланы кордогондун жазасын жеңилдетүүгө уруксат берилбейт


Кыргызстанда балдарга карата зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын жеңилдетүүгө жол берилбей турган болду. Президент Алмазбек Атамбаев Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын максаты - балдарга таш боор мамилени жана зомбулукту алдын алуу, кордолгон балдарды комплекстүү колдоо чараларын күчөтүү.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова:

- Чынында, балага карата зомбулук көрсөтүп соттолгон адамды мөөнөтүнөн мурда бошотуу - бул туура эмес. Мындай учурда мамлекет балдарды коргобой жаткан болот. Андыктан мыйзам туура кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык, балдарга карата кылмыш жасагандыгы боюнча жазасын өтөп жаткан адамдарды шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууга жана жазасын колонияда өтөө режимине которууга мындан ары жол берилбейт.

Укук коргоочулардын айтуусунда, соңку кезде чоңдордон зордук-зомбулук көрүп жабыркаган балдар көп болууда. Алардын көпчүлүгү - ата-энеси жанында эместер. (RK)

XS
SM
MD
LG