Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Кара-Кулжада жашоо демейдеги тартипке өттү


Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө төрт күн мурда жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" район акими Каныбек Алиязов билдирди.

20-ноябрда акимдин буйругу менен өрөөндө өзгөчө кырдаал жарыяланган. 10 мектепте сабак токтотулуп, беш бала бакча жабылган.

17-ноябрда Алайкуу өрөөнүндө кар калың жаап, айрым жерлеринде калыңдыгы 1,5 метрге жеткен.

Акимдин белгилешинче, негизги жолдор кардан толук тазаланып бүттү, аймакты тейлеген эки уюлдук компаниянын бири иштеп жатат. Электр энергиясы калыбына келтирилип, мектеп-бала бакчалар демейдегидей тартипте иштөөдө. (YI)

XS
SM
MD
LG