Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

Кытайда курулушта өлгөндөрдү издөө уланууда


Цзянси провинциясында курулушу жүрүп жаткан электростанциядагы кырсык
Цзянси провинциясында курулушу жүрүп жаткан электростанциядагы кырсык

Кытайда 300дөй куткаруучу жана аскерлер курулуштагы кырсыктан аман калгандарды тынбай издеп жатышат. Бүгүн эртең менен жергиликтүү саат жетилерде Цзянси провинциясында курулушу жүрүп жаткан электростанцияда ички конструкциялар ураганда кеминде 67 киши набыт кетти.

Маалыматтарга караганда, кырсык болгон учурда ал жерде 70ке жакын киши жүргөн. Куткаруучулар өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүн дешет. Окуяны Эмгек коопсуздугу боюнча мамлекеттик мекеменин төрагасы баштаган комиссия иликтей баштады.

Кытай курулуштарында мындай кырсыктар көп болот. Октябрдын этегинде Хэйлунцзян чөлкөмүндө бүткөрүлө элек имарат жарым-жартылай ураганда кеминде үяч киши каза тапкан. Кытай бийлиги индустриалдык жайларда коопсуздукту бекемдөөгө, кырсыктардын санын азайтууга убада берип келе жатат.

Президент Си Цзинпин былтыр Тянцзин портунда химиялык заттардын жарылуусунан 170тен көп киши каза болгондон кийин жетекчилик ал кандуу окуядан сабак алууга тийиш деген.

XS
SM
MD
LG