Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Пакистан Индияны Кашмирдеги абалды курчутпоого чакырды


1947-жылы Британ бийлиги чыгып кеткенден бери Индия менен Пакистан Кашмирди талашып келет.
1947-жылы Британ бийлиги чыгып кеткенден бери Индия менен Пакистан Кашмирди талашып келет.

Пакистан Аба күчтөрүнүн кол башчысы маршал Сохаил Аман Индияны Кашмирдеги кырдаалды согушка жеткирбөөгө чакырды. Талаштуу аймактагы абалдан улам эки коңшу ортосундагы маммилелер кескин курчуп кеткен. Аман Индия кризисти тереңдетсе, Пакистан армиясы "жооп кайтаруунун жолун табат" деди. Пакистан армиясы 23-ноябрда Индия тараптан артиллериялык аткылоодо Пакистанга караган бөлүктө кеминде 11 киши каза тапканын билдирген. Ал эми Дели Пакистан жоокерлери Индия армиясынын постуна биринчи болуп ок чыгарганын айтууда. Эки өлкөнүн аскерлери ортосунда Кашмирди экиге бөлгөн тилкеде акыркы убакытта ок атышуу тутанган учурлар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG