Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Өзбекстанда 23 жыл абакта отурган саясий туткун бошотулду


Самандар Коконов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Самандар Коконов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Өзбекстанда 23 жылдан бери абакта отурган оппозициялык саясатчы Самандар Коконов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына маалымдашты. 72 жаштагы Коконов Өзбек ССР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты. 1993-жылы көз боемочулук үчүн айыпталып 20 жылга түрмөгө кесилген. Анын тарапкерлери иштин артында саясий негиз турганын айтышкан. Ал Өзбекстанда эң узак абакта отурган саясий туткун болчу. Санаалаштары менен туугандары ишкер жана депутат Коконов мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун жеке көрсөтмөсү менен камалып, абакка отургузулган дешет. Анын жаза өтөө мөөнөтү бир нече жолу узартылган. Ал ушул жылы 6-октябрда эркиндикке чыкмак, бирок Зарафшандагы колониядагы мөөнөтү 3 жылга узартылган. Муну абактын ички тартибин бузганы менен түшүндүрүшкөн. Кийин жакындарына ал чечим жокко чыгарылганын айтышкан.

Европа биримдиги, Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы комитети жана укук коргоочу уюмдар өзбек бийликтерин саясатчыны азат кылууга үндөп келишкен.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG