Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Эрдогандын ШКУга кошулуу ниети


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Европарламент Түркияны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнү токтотууну сунуштады.

Депутаттар добуш берген бул чечимдин аткарылышы милдеттүү эмес. Бирок түрк бийлиги добуш берүүнү сынга алып, аны террорду колдоо катары баалады.

Европа парламенти шейшемби күнү Түркия боюнча талкуу уюштурду. Анда Европарламенттеги көпчүлүк фракциялар Түркияны Европа Биримдигине кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнү токтото турууну жакташты.

Бейшемби күнү добуш берүүдө европарламенттин 479 депутаты сүйлөшүүнү токтотууну жактап добуш берсе, 37си ага каршы болду. Ал эми 107 депутат добуш берүүгө катышкан эмес.

Европа парламенти көпчүлүк добуш менен кабыл алган чечимде, Түркиянын 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийинки чаралары пропорционалдуу эмес деп белгиленген. Бирок ал чечим сөзсүз эле аткарылууга жатпайт.

Түркия төңкөрүш аракетинен кийин Фетхуллах Гүлендин кыймылына тиешеси бар деген шек менен он миңдеген адамдарды кызматтан бошотуп, 30 миңден ашуунун камакка алганы белгилүү. Төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда өлүм жазасын кайра киргизүү багытында кадамдар жасалууда.

Түркия менен Европанын ортосундагы карама-каршылык күрт маселесинде да орчундуу. Белгилүү болгондой террорчулукту шыкактаган деген айып менен түрк парламентинде фракциясы бар Элдердин демократиялык партиясынын лидери Салахиддин Демирташ жана бир канча депутат, ФЕТО уюмуна тишеси бар деген шек менен көптөгөн журналисттер камакка алынган.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Европарламенттин чечимин террорду колдоо катары баалады:

- Добуш берүүдө кабыл алынган чечим сөзсүз аткарылышы керек деген күчү жок болгонуна карабай, ал берип жаткан ишарага чыдай албайм. Европарламенттин бул маселеде добуш берүүгө баруусунун өзү, алардын террордук топтор тарапта экенин көрсөтүүдө.

Түрк президенти Европарламенттин добушу Түркия үчүн түккө турбайт деген пикирде.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Түркиянын сөз эркиндигин чектөөсүн актоого болбойт деп, ошол эле учурда Анкара менен диалогду сактоону жактады:

- Түркиянын терроризмге каршы күрөш жарыялоосу сөз эркиндигин чектөөнү, миңдеген кишилерди камакка алууну актабайт. Биз мындай нерселерди ачык жана так сынга алып, ошол эле учурда Түркия менен диалогду колдошубуз керек.

Европа Биримдиги менен Түркия быйылкы жылдын башында миграциялык кризис жана Түркияны Евробиримдикке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнү активдештирүүнү макулдашкан. Ага ылайык Түркия Европага карай агылган мигранттардын агымын токтотууга, алардын айрымдарын кайра кабыл алууга макулдук берген. Европа өз кезегинде качкындарды жайгаштырууга финансылык жардам бөлүүгө жана Түркия жарандарына Европа Биримдигине визасыз каттоосуна жол ачууга милдеттенме алган. 15-июлдагы Түркиядагы төңкөрүш аракети алардын баарын чаташтырып салды.

Түркия Европа Биримдиги качкындар үчүн убада кылган каражатты бөлбөгөнүн, визасыз режимди киргизбеди деп сындап келет. Европа Биримдигине кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр да тоскоолдуктарга кабылды. Мындай кырдаалда президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия Европа Биримдигине киребиз деп тура бербей, Шанхай кызматташуу уюмуна кирүүгө аракеттениши керек деген пикирин билдирди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG