Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

“Ата Мекен” жаңы конуштардагы электр энергия көйгөйүн талкуулайт


Аталган фракциянын бүгүнкү жыйынында Сокулук районуна караштуу «Ак-Ордо», «Ала-Тоо» жана «Тынчтык» конуштарын электр жарыгы менен камсыздоо аракети тууралуу райондук акимчилик, «Түндүкэлектр» ишканасынын жетекчилери маалымат беришет. Буга чейин Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары Ак үй алдына митингге чыгышып, жеринин "кызыл китеби" алына элек болгондуктан электр тарттырууга уруксаты жок болуп жатканын, 2,5 миңдей үй-бүлө суукта жарыксыз, жылуулуксуз кыйналып турганын билдиришкен. Чүй облустук бийлиги мыйзам боюнча электр менен бардык укуктук документи барлар гана камсыздаларын, бирок ага карабай аталган конушка электр энергиясы убактылуу берилерин убада кылган.

2005-жылдан кийин Бишкектин четиндеги айдоо жерлердин көбү мыйзамсыз басып алынган, алардын тиешелүү документтери да жок. Бул жерлерди трансформациялоо, мыйзамдаштыруу маселеси чечиле элек. Калк мыйзамсыз отурукташып алган деген негизде бир катар конуштарга электр энергиясы берилбей келген. (NT)

XS
SM
MD
LG