Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Сальвадор жээктеринде 7,2 баллдык жер титирөө болду


Тынч океан жээктеринин Сальвадорго караган бөлүгүндө жер титирөөнүн күчү 7,2 баллга жеткенин АКШнын Геологиялык кызматы билдирди. Силкинүү Никарагуа менен Коста-Рикада да сезилген. Курмандыктар жана жапа чеккендер тууралуу маалымат азырынча түшө элек.

Цунами коркунучуна байланыштуу Сальвадордун океан жээгинде жайгашкан райондорунда калкты эвакуациялоо башталды. Адистер цунами Никарагуага да жетет деп кооптонушууда. Бул өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

13-ноябрда Жаңы Зеландияда 7,8 баллдык зилзала катталган. Анын натыйжасында, эки метрге чейин жеткен цунами пайда болгон.

XS
SM
MD
LG