Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Мектептеги зомбулукка каршы акция башталды


Юстиция министрлигинин демилгеси менен Кыргызстандын мектеп окуучуларына кылмыш жоопкерчилиги тууралуу лекциялар окула баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" IWPR уюмунан кабарлашты.

Аталган уюмдун колдоосу менен Бишкектин №48 орто мектебинде Юстиция министрлигинин адистери 8-класстын окуучулары менен жолугушуу өткөрүп, кимдир-бирөөгө залака келтирсе кандай жоопко тартылышы ыктымалдыгын айтып беришти.

Укуктук сабаттуулук лекциялары республиканын бардык аймактарында өтмөй болууда. Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы орто мектепте өткөн жолугушууга райондун нотариусу катышты.

Укук коргоочулардын жана милициянын айтуусунда, соңку жылдары мектеп курагындагы балдар арасында рекет, зомбулук күч алып, айрым учурда өлүм менен аяктаган фактылар да болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG