Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

БШК мүчөсүн иштен четтетүү талабы коюлду


Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан топ Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевди иштен четтетүүнү талап кылууда. Алар мындай арыз менен БШКга кайрылганын бүгүн "Азаттыкка" топтун мүчөсү Адил Турдукулов билдирди:

- Ал Боршайком мүчөсү болуп туруп ачыктан ачык эле серепчи катары Конституцияга өзгөртүүлөр боюнча баа берип жатат. Буга этика гана эмес, мыйзам жол бербейт.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Боршайком мүчөсү өзү көзөмөлгө алган процесстерге баа берип, сыпаттаганга укугу жок.

Осмоналиев 23-ноябрда ЭЛТР телеканалы аркылуу референдумга байланыштуу репортажда сүйлөгөн.

11-декабрда Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтөт.

Боршайком Осмоналиевди кызматтан алууга негиз жок экенин, себеби ЭЛТРдин кабарчысы ошол репортажды даярдаганда архивдик материалды колдонгонун айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG