Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Таласта жол кырсыгынан набыт кеткен үч адамдын өлүмүнө себепкер болду деп кармалган 22 жаштагы жарандын иши бүгүн сотко жиберилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас шаарынын прокурору Анарбай Мамажакыпов билдирди.

Айып Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде коюлду.

Бир ай мурун Таласта "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаа алдында бараткан "Мерседести" сүзүп алган. Натыйжада Бакай-Ата районунун үч тургуну кырсык болгон жерден мерт кетип, жүргүнчүлөрдүн экөө ооруканага түшкөн. (AlS)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG