Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Журналисттерге Мегаком соту тууралуу жазууга тыюу салынды


Журналисттерге Мегаком боюнча соттук териштирүү тууралуу маалымат жарыялоого тыюу салынды. Мындай чечим бүгүн Бишкек шаардык сотунда кабыл алынды. Буга «Альфа Телекомдун» (Мегаком уюлдук компаниясы) өкүлүнүн өтүнүчү себеп болду.

Соттолуучу тараптын адвокаты Икрамидин Айткулов соттун бул чечимин абсурд деп атоодо:

- Соттун жүрүшү тууралуу маалымат таратпоо талабы сот залында отурган журналисттерге гана эмес, бардык ММК өкүлдөрүнө коюлду. Бул абсурд, адам укугунун бузулушу. Алардын ката мамилесинин далили.

Айткулов бул чечимге каршы чыгып, судьяны алмаштырууну сунуштады, бирок анын сунушу өткөн жок.

2012-жылы УКМК «Альфа Телекомдогу» коррупциянын айынан мамлекетке 142 млн сомдон ашуун зыян келтирилип, 6 млн доллар сыртка чыгарылып кеткени боюнча кылмыш иш козгогон. Соттолуучу тарап күнөөсү жок экенин айтып келет.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен компаниянын мурдагы жетекчилери Азамат Мурзалиев, Алмаз Абеков жана Аман уулу Кенжебек 8 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылган. (RK)

XS
SM
MD
LG