Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Шайлообек Дүйшеевге КМШ сыйлыгы тапшырылды


Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен

Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеевге КМШ өлкөлөрүнүн Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылды.

Cыйлыкты КМШ ПАА Кеңешинин, Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков тапшырды.

Орусиянын улуттук китепканасынын жаңы имаратында Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы тууралуу жолугушуу уюштурулду. Анда кыргыз улуттук адабиятынын Орусиядагы жана башка мамлекеттердеги жайылтылышы тууралуу сөз болду, жыйынтыгында Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлду.

Кыргыз парламентинин расмий делегациясы Санкт-Петербург шаарына парламент аралык ассмаблеянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн 23-ноябрда жөнөп кеткен. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG