26-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 10-14 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;
Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаайт. Абанын түнкү температурасы -11…-13°, күндүз 0…-2°.