Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Ооганстандын Жалалабад шаарында үч бомба жарылды


Ооган расмий булактары өлкө чыгышында үч жардыруудан бери дегенде беш кишинин өмүрү кыйылганын маалымдашты.

Нангархар чөлкөмүнүн өкүлү Атахулла Хогиянинин айтымында, бомбалар Жалалабад шаарынын үч башка жеринде жарылган. Бир бомба жергиликтүү түрмө башчыларынын бири Абдул Хакими жашаган үйдүн жанындагы жолдо жарылып, ал өзү жана баласы мүрт кетти, алты киши жараат алды. Экинчи жардыруу өрт өчүрүүчүлөрдүн бөлүмүндө болгон. Ал жерде үч киши жан таслим болду. Ал эми үчүнчү бомба Хакиминин үйүнө чогулган элди бутага алган. "Бирок ал жакта каза тапкандар тууралуу маалымат түшкөн жок", - деди Хогияни.

Буга чейин “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери Нангархардын борбору Жалалабадда теракттарды бир нече жолу уюштуруп келишкен.

XS
SM
MD
LG