Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

25-ноябрь күнү Кытайда күчү 7-8 баллга жакын жер силкинүү катталып, термелүү Кыргызстанда да сезилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек убактысы менен саат 20:24төгү силкинүү очогу Кытайдын аймагында, Ош облусунун Алай районундагы Нура айылынан 95 км алыста болду.

Жер титирөө Фергана өрөөнүндө 4-5 балл тегерегинде катталган. Ошондой эле Бишкек, Алматы, Ташкент жана башка шаарларда да сезилди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыйроолор жана курмандыктар жок. Маалыматка ылайык, Кытайда силкинүү очогу катталган аймакта үч жолу жер термелген. (SE/ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG