Линктер

ишемби, 21-январь, 2017 Бишкек убактысы 10:47

Ысык-Ата районунда жайгашкан "ЗиЛ" лыжа базасы 3-декабрдан тарта ишин жандантат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган базанын директору Акбар Рыскулов кабарлады. Анын айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү менен базанын аймагында жайгашкан контейнерлер алынды. Учурда лыжа базасынын ишин жанданттууга даярдыктар толук кандуу жүрүп жатат.

Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов да Фейсбуктагы баракчасына лыжа базасынын иши жандана турганын билдирген эле.

Өткөн аптада Бишкекке жакын жайгашкан "ЗиЛ" кышкы эс алуу базасы ишин токтоткон. Буга базанын кожоюну менен жергиликтүү тургундардын чыры себеп болгон. Чыр базанын четиндеги автоунаа токтоочу жайга бөлүнгөн жерден улам чыккан эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG