Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Бишкек-Ош жолунда кыймылга чектөө киргизилди


Кан жолдун тоолуу аймактарындагы борошолоп жааган кардан жана тайгактан улам Бишкек-Ош жолуна жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу унаалар Жайыл районундагы Сосновка бекетинде кармалууда.

Министрлик бүгүнтөн тарта жаап жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90 чакырымдары, Нарын-Казарман авто унаа жолундагы Кара-Көө ашуусу жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскертүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG