Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Ооганстандын чыгышында бир нече жардыруудан беш адам каза болуп, ондогон адамдар жарадар болду. Нангархар провинциясынын бийликтери кабарлагандай, жардыруу Желалабад шаарынын ар кайсы бөлүктөрүндө болгон. Маалыматка ылайык, алгачкы жардыруу жергиликтүү түрмөнүн башчысынын үйүнө жакын жерде орун алган. Андан түрмө башчысынын уулу каза болуп, алты адам жараат алды. Экинчи жардыруудан үч адам каза тапкан. Үчүнчү жардыруу болсо түрмө башчысынын үйүнө жергиликтүү тургундар чогулган учурда болгон.

Бул жардырууларды “Ислам мамлекети” террорчул тобу ишке ашырды деп шектелүүдө. Бул топ Ооганстан АКШнын куралдуу күчтөрүнүн жардамы мене өлкө чыгышында чабуулду баштаган соң жардырууларды күчөттү.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG