Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 08:46

Францияда кармалгандардын “ИМ” менен байланышы болгон


Франциянын коопсуздук кызматынын операциясы.

Францияда теракттарды уюштурууга шектелгендер “Ислам мамлекети” террорчул тобунун көрсөтмөсү менен иш жүргүзгөн. Бул тууралуу Париждин прокурору Франсуа Моленс кабарлады. Өткөн аптада кармалган шектүүлөр жашаган Страсбургдагы батирде “Ислам мамлекети” террорчул тобунун жетекчилеринен алынган буйрук камтылган материалдар табылган.

Өткөн жекшембиде Страсбург жана Марселде жүргүзүлгөн антитеррордук операциянын жүрүшүндө беш шектүү адам кармалган. Тергөөнүн ырасташынча, алар 1-декабрда Парижде жардырууларды уюштурууну пландашкан. Шектүүлөр Франция борборундагы Елисей аянты жана Диснейлендди бутага алууну көздөшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG