Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Тажик өкмөтү “Азаттык” кабарчыларынын аккредитациясын жокко чыгарды


Тажикстан президентинин китебине коюлган эстелик.
Тажикстан президентинин китебине коюлган эстелик.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” тажик кызматынын алты кабарчысынын аккредитациясын жокко чыгарды. Өкмөт мындай кадамга Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кызынын министрликке ишке дайындалышы тууралуу жаңылыктан улам барды. Ага чейин министрлик президент Эмомали Рахмондун кызы министрликке ишке келгени тууралуу жаңылыкты өчүрүү талабын койгон. Мындай талапка көнбөгөн соң “Азаттыктын” кабарчыларынын аккредитациясын жокко чыгарган.

Президент Эмомали Рахмондун үчүнчү кызы Рухшона Рахмонова Тышкы иштер министрлигине кызматка дайындалганы тууралуу жаңылык тышкы саясат мекемесинин сайтындагы маалыматка негизделип жазылган. Ошондой эле министрликтеги булактар да тастыктаган. Бирок буга карабай Тышкы иштер министрлиги радиого беш мүнөт ичинде кабарды өчүрбөсө Душанбеде кабарчылардын аккредитациясы жокко чыгарылат деген шарт койгон.

Каттоосу жокко чыгарылган кабарчылар президенттин кызы тууралуу кабарды жазууга катышкан эмес.

Тажик бийлиги акыркы эки аптада “Азаттыктын” тажик кызматына экинчи ирет мындай талап менен кайрылды. Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаментинин өз жарандары террордук коркунучтан улам Тажикстанга зыярат кылууну токтото турууга чакырган кабарды өчүрүүгө чакырган эле.

“Тажик өкмөтүнүн мындай кадамы бизди капа кылды”-деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кент.

XS
SM
MD
LG