Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппонун чыгышындагы бир нече аймакты бошотту


Алеппо
Алеппо

Сириянын өкмөттүк күчтөрү жикчилдер ээлеп турган Алеппонун жанындагы Халеб районунун бошотту. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттарынан кабарлашты. Андан мурун шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Ханано кварталы толугу менен бошотулганы кабарланган эле. Ханано 2012-жылы куралдуу оппозиция биринчилерден басып алган Алеппонун бөлүгү болгон. Бул кварталды бошотуу үчүн Башар Асаддын армиясы бир нече күн аракет кылып, жикчилдердин позицияларына сокку урушту. Бул кварталды ээлөө менен шаардын түндүк райондорун бошотууга жол ачылат.

Өкмөттүк күчтөр Алеппонун чыгышын бошотуу боюнча операцияны 15-ноябрда баштаган. Бул шаарда 250 миңден ашык карапайым тургун бар. Аба жана жердеги соккулардан 200дөн ашык жөн-жай тургун мерт кеткенин Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы кабарлады.

Сириядагы экинчи ири шаар болгон Алеппонун батышын Асаддын армиясы ээлеп турса, чыгышы куралдуу жикчил топтордун колунда. Акыркы учурда өкмөттүк күчтөр Орусия авиациясынын жардамы менен аба соккуларын уруп келет.

XS
SM
MD
LG