Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Баткен: чек ара коопсуздугу боюнча жолугушуулар өттү


Чек арачы жоокерлер
Чек арачы жоокерлер

Баткен жана Кадамжай районундагы Өзбекстан менен чектеш аймактарда жарандардын өздүк коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери өттү. Муну “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду уюштурду. Анын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч органдары, чек ара кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү элдин суроолорун жооп берди.

Чек ара аймактарында жашаган жарандардын чек арадан өтүү, өздүк коопсуздугун сактоо жана чектеш аймактарда турмуш-тиричилик, соода-сатык жүргүзүү иштериндеги көйгөйлөр талкууланып, эреже-шарттар жана мыйзамдын талаптары тууралуу маалыматтар айтылды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда элүүдөн ашуун талаштуу тилкелер бар. Акыркы учурда талаштуу аймактарды тактоо боюнча аракеттер жанданып, эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиялары иш алып барууда.(JsA)

XS
SM
MD
LG