Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

“Ата Мекен” Атамбаевдин буйруктары боюнча Конституциялык палатага кайрылат


Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.
Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы президент Алмазбек Атамбаевдин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын ашыра пайдалганы боюнча Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палатага кайрылат. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин бир нече мамлекеттик органдын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу укугун Баш мыйзамдагы ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен өзүнө ыйгарып алганын айтып чыккан.

Текебаевдин жүйөсүндө, президенттин Улуттук статистикалык комитет, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Мамлекеттик кадр кызматы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Депозиттерди коргоо агенттиктин жетекчилерин дайындоого укугу жок болчу. Бирок ага карабай президент бул органдардын жетекчилерин кызматка дайындоону өзүнө алып алганын “Ата Мекен” фракциясынын лидери билдирүүдө. Буга байланыштуу аталган фракция Конституциялык палатага кайрылууга камданып жатканын маалымдады.

Бул маселе боюнча президенттик аппарат комментарий бере элек.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо демилгесин баштаганын билдирген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG