Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Францияда оңчулдар президентикке талапкерди аныктайт


Бүгүн Францияда оңчулдардын атынан президенттикке талапкерди аныктаган праймериздин экинчи айлампасы өтөт. Бир апта мурун өткөн добуш берүүдө Франсуа Фийон 44 пайыз, ал эми Ален Жюппе 28,5 пайыз менен алдыга чыккан.

Бул жолку добуш берүүдө алдыга чыккан талапкер кийинки жылы жазда болчу президенттик шайлоодо ультра-оңчул Улуттук фронттун талапкери Мари Ле Пенге атаандаш болот.

Фийон да, Жюпен да мурда өлкөнүн премьер-министри болушкан.

Бул жолку праймеризде жеңишке жете албаган мурдагы президент Николя Саркозинин тушунда беш жыл өкмөттү жетектеген Фийон Францияда кескин өзгөрүүлөр зарыл экенин белгилеп келет.

Ал ошондой эле Москва менен стратегиялык байланыштарды күчөтүүнү жана Еврошаркет киргизген санкцияларды алууну жактайт.

Ал эми Мурдагы премьер, Бордо шаарынын мэри Ален Жюппе болсо өлкөдөгү жаатташууну четке кагуу керектигин айтып, Фийондун орус бийлигин жактаганын сындап чыккан эле.

XS
SM
MD
LG