Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Бүгүн Ысык-Көлдөгү Каракол тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезон ачылды. Бул күнгө карата ар кандай мелдештер уюштурулуп, оюн-зоок программасы өтүүдө.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов, Ысык-Көл облустук бийлигинин өкүлдөрү жана кышкы спорт сүйүүчүлөрү катышууда.

Кыргызстанда сезон ноябрдын соңунда башталып, март айынын аягына чейин уланат. Өлкөдө бир нече тоо лыжа базалары бар. Алардын ирилеринин бир болгон Бишкекке жакын жайгашкан “ЗиЛ” базасы жергиликтүү тургундар менен чырдан улам ишин токтоткон эле. Жакында гана маселе чечилип, база 3-декабрдан тарта ишин кайра жандантканы жатат.(BkA/AsM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG