Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

Сириянын курчоодо калган шаарларында 500 миңден ашык бала бар. Мындай маалыматты БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) таратты. Маалыматка караганда, Сириядагы курчоодо калган 16 райондо жарым миллиондой жеткинчек гуманитардык жардамга муктаж. Учурда куралчан жикчил топтор ээлеп турган Алеппо шаарынын чыгыш тарабында 100 миңге жакын бала жашап жатат. Алар согуштук шартта билим алып, жер төлөлөрдө дарыланышууда.

“Сириядагы миллиондогон адамдар, анын ичинде балдар үчүн согуш бүтпөгөн азапка айланды. Аларды өлтүрүп, майып кылып жатышат. Окуганга, дарыланганга шарт жок. Алар эптеп өзөк жалгап, жашап жатышат”-деп билдирди ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Энтони Лейк.

ЮНИСЕФ башталганына алтынчы жылга аяк баскан Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуп, курчоодо калган шаарларга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG