Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, сырье тартыштыгынан улам ишин токтоткон комбинат Кытайдагы “Чжунген тоо кен өнүктүрүү” компаниясы менен келишимге кол койду. Анын алкагында комбинаттын химиялык лабораториясын оңдоо жана кичи завод үчүн тетиктерди алып келүү каралууда. Бул ишке ашса комбинатта күнүнө 500 тонна руданы кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Эки тараптуу келишим ишке ашса, токтоп калган ишкана кайра жанданып курамында 99% сурьма болгон таза продукцияны алууга, мурда калган 400 тонна таштандыны кытай технологиясы менен кайра иштетип тазалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кадамжай сурьма комбинаты 2005-жылы казакстандык инвесторлорго мекеменин ишин кайра жандандыруу келишими менен сатылган. Бирок комбинат иштебей келет. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG