Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Каспий деңизине тик учак кулап беш адам каза болду


Каспий деңизинде Иранга таандык тик учак кырсыкка учурады. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары кабарлады. Кырсыктан тик учактагы беш адам тең мерт кетти. Тик учак кырсыкка 26-ноябрь күнү кечинде, жүрөгү ооруган жумушчуну ооруканага алып бараткан кезде кабылган. Учурда каза болгон үч адамдын сөөгү табылды. Эки адамдын сөөгү изделүүдө.

Тик учак Ирандын мамлекеттик мунай компаниясына таандык болгон.

XS
SM
MD
LG