Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

“Ата Мекен” айрым дайындоолор боюнча Конституциялык палатага кайрылат


Текебаев жана Атамбаев.
Текебаев жана Атамбаев.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы президент Алмазбек Атамбаевдин кээ бир жарлыктарынын мыйзамдуулугун тактоону талап кылып, Конституциялык сотко кайрылат. Аталган фракциядан кабарлашкандай, арызда мамлекет башчы Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланган фактыларды карап чыгуу маселеси көтөрүлөт.

Маалыматка ылайык, президенттин Улуттук статистикалык комитет, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Мамлекеттик кадр кызматы, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Депозиттерди коргоо агенттиктин жетекчилерин дайындоого укугу жок болчу. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин жүйөсүндө өлкө башчы бул органдардын жетекчилерин кызматка дайындоону өзүнө алып алганы айтылат.

Президенттик аппарат буга азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптада Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо демилгеси менен чыккан эле. (SE)

XS
SM
MD
LG